Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысына азыркы кырдаал жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күч түзүмдөрү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин катышуучулары Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо маселелерине жана чек аралар канатташ участоктордогу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүштү. Андан тышкары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине бул багытта иштерди күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттерди койду.