“Кумтөр” маселесин референдум аркылуу чечүүнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев колдобойт. Муну 27-январда бизнес коомчулугу менен болгон жолугушууда өкмөт башчы өзү билдирди. Айтымында, “Кумтөрдөгү” үлүштү 67 пайызга жеткирүүнү талап кылуу – популисттик аракет. "Кумтөрдү" реструктуризациялоо маселесинин кечеңдеши өлкө экономикасына зыянын тийгизет",- дейт премьер.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууга катышкан ишкерлер “Кумтөр” маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин айтышканын билдирет.