Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна учуп кетти. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Жантөрө Сатыбалдиев Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолугушат. Ошондой эле Баткен облусунун коллегиялык жыйынына катышат.