Бүгүн, 21-майда Талас облусунан төрт атчан жигит Кытайдан ат минип Кыргызстанды көздөй сапар тартып келе жаткан эки кыргыз кызын “Торугарт” чек ара бекетинен тосуп алууга жолго чыгышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларды облус башчысы Эрмат Жумаев баштаган топ шаардын борбордук аянтынан сый-урмат менен узатты.
Эске салсак, Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан белгилүү блогер кыргыз кызы
Ризаа сиңдиси экөө жолдо
келе жатат. Аларды Кытайдагы кыргыз айылдары өзгөчө шаан-шөкөт менен тосуп алып, урмат-сый менен
узатып жатышат.
Алар Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунан жолго чыгышкан. Жалпысынан 4 миң чакырымдан ашык аралыкты басып өтүшөт. Учурда Кыргызстанга жакындап калышты жана сапарын Таластан жыйынтыкташат.