Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан белгилүү блогер Ризаа сиңдиси менен тогуз күндөн бери жол жүрүп келе жатат. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан жолдо болгон кызыктуу окуяларын бөлүшүүдө.
Аларды жол катар кыргыздар жайгашкан айылдардын эли тосуп алып, өзгөчө сый-урмат менен узатышууда. Аларды айыл тургундары сый тамагын уюштуруп, белектерин беришип, өзгөчө шаан-шөкөт менен тосуп алышууда. Айрым учурларда ат оюндары да уюштурулууда.