Ош облусунда учурда 237 бала бакча иштейт жана
9 бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Муну бүгүн, 28-январда Ош облусунун башчысы
Сооронбай Жээнбеков коллегиялык жыйында билдирди. Айтымында, 2013-жылы облуста
45 бала бакча ишке берилди. Жээнбеков былтыр жыл башында балдарды бала
бакчаларга тартуу 10,2 пайызды түзсө, жыл аягында 17,3 пайызга жеткен.