Бишкекте жолдорду кардан тазалоо үчүн 45 техника иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20 кум чачуучу, 4 жүк жүктөөчү техника жана жүк ташуучу унаалар ишке тартылган. Ошондой эле жолдорго 28-январда 530 тонна кум жана 46 тонна туз чачылды.