Депутаттар "А.Батукаевден акчалай сыйлык алды" деп аттары аталган кызматкерлерге кылмыш иши козголбой жатканын айтышты

Депутат Мыктыбек Абдылдаев "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди камактан бошоткондор андан акчалай сыйлык алганын, бирок аларга кылмыш иши козголбой жатканын айтты. Депутат муну ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 28-январдагы жыйынында билдирди. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду мисал кылган депутат “ал өзү гана эмес, акча алган бир катар кызматкерлердин аттарын атады. Тергөө органдары эмне үчүн кылмыш ишин козгобойт? Мындай маалымат мурда  жооптуу кызматта иштеген адамдын оозунан чыгып жатат, эгер жалган айтса аны жоопко тартыш керек. Эсиңерде бар, бир жолу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө президент өзү түшүндүрмө берген”,- дейт депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан