Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээсине шектүү 10дон ашуун жолу бычак сайган. Бул тууралуу шаар милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, алгач шектүү жабырлануучу андан ири суммада карыз экенин айтып актанган.
Көзөмөл камераларын текшерүү учурунда кол салган адам атайын даярдык менен кирип, жабырлануучуга 10дон ашуун жолу бычак сайганы тартылып калганы аныкталды.
Айта кетсек, 24-май күнү белгисиз жаран Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу жайдын ээсине бычак менен кол салды. Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок операция учурунда каза тапты.
Видео: Номад ТВ