Вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн, 28-январда ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды. Мамытов Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн борборго ыраазычылык айтып, “сиздердин колдооңуздар менен өлкөдө көптөгөн биргелешкен долбоорлор ишке ашууда. Ал долбоорлор өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багытталат”,- дейт ал.
Жолугушууда ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньердин Кыргызстанга болчу иш сапары тууралуу да сөз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.