Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси: “Тажикстандыктар үчүн кыргыз-казак чек арасы да жабылды”

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине кыргыз-казак чек арасынан өтө албаган тажикстындык жарандардан көптөгөн арыздар түшүүдө. Муну Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов билдиргенин, тажик ММКлары жарыялашты.

Мындай арыздар акыркы күндөрү көбөйүптүр.

“Жакында Орусиядан келе жаткан түгөйлөр кыргыз-казак чек арасында көйгөйгө туш болушту. Аялы кыргызстандык, күйөөсү Тажикстандын жараны болгон. Чек арачылар аялды өткөрүшүп, жолдошун өлкөгө киргизбей коюшкан. Ушул эле күнү дагы бир тажикстандык аял чек арадан өтө албай калган. Мындан башка Тажикстандын 8 жараны кыргыз-казак чек арасынан өтө албай калышканы белгилүү болду. Чек арага биздин консул барып, узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 7 Тажикстандын жараны өткөрүлдү. Андан кийин дагы 2 тажикстандыкты өткөрбөй коюшту чек арачылар”,- дейт Рахимов.

Элчи мындай иштерге кыргыз чек арачылары олуттуу себеп айтышпаганын билдирет. “Алар Чек ара кызматынан ушундай көрсөтмө алышканын айтышууда. Биз бул маселени жөн калтырбайбыз. Биздин консул ошол күнү Кыргызстандын Чек ара кызматына барды, бирок чектөөлөр болуп, аны кабыл алышкан жок”,- дейт тажик элчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан