Бүгүн, 28-январдагы коллегиялык жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев “Кыргызстандагы 50дөн ашуун эстеликтер оңдоону талап кылат” деп билдирди.
Анын айтымында өткөн жылы республика боюнча 173 тарыхый жана маданий эстеликтер изилденип чыккан. Алардын 25и сактап калууга муктаж жана 28ин оңдоп түзөөдөн өткөрүү керек.
“Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы 60ка жакын объект боюнча документ даярдалды. 76 эстеликке паспорт түзүлдү. Маданий мурастарды оңдоо иштери Чүй жана Ош облусунун айрым маданий мурастарын сактап калуу боюнча жүргүзүлдү”,- деди ал.