Чаткал районундагы Красная Горка-Ак-Таш жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тынымсыз жааган кардын кесепетинен кар көчкүнүн жүрүп кетүү коркунучу пайда болуп жолдор жабылды. Тийиштүү буйрукка 2014-жылдын 27-январында Чаткал районунун акими кол койду.