“Кыргыз-казак чек арасынан тажик жарандарын өткөрбөй жатат” деген маалымат туура эмес. Муну бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Айтымында, тажик тараптын мындай маалымат таратышы чагымчыл аракеттин бир үлгүсү.
“Эмнеге мындай маалымат таратып жатканы түшүнүксүз. Кыргыз-казак чек арасынан бардык жарандар кадимкидей эле өтүп жатышат. Эч кандай тажик жарандарына тоскоолдук жок”,- деди Бөрүбаева.
Эскерте кетсек, 27-январда тажик ММКлары кыргыз-тажик чек арасынан тажикстандыктар өтө алышпай жатканын жарыялашкан болчу. Алар маалымат таратууда Тажикстандын КРдагы элчисине шилтеме беришкен.