Англиянын "Crystal Palace" футбол клубу UEFA Европа Конференция Лигасынын финалында Испаниянын “Rayo Vallecano” командасын 1:0 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу Европа кубогунун чемпиону болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Финалдык оюн Германиянын Лейпциг шаарында өтүп, беттештин тагдырын экинчи таймда киргизилген жалгыз гол чечти. Голдун автору Жан-Филипп Матета болду.
Бул жеңиш менен "Crystal Palace" клубу Европа аренасындагы эң чоң ийгиликтеринин бирине жетишти.