2014-жылдын
30-31-январында жана 1-февралында өрөөндөрдө жаан, кар, тоо этектеринде жана
тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга
караганда, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак
болот. Кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Мындан улам кыштоолордо
малды кармоо кыйындайт. Энергетика жана коммуналдык кызматтардын, автоунаа,
байланыш түйүндөрүнүн иши татаалдайт.