Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тынымсыз жааган кардын кесепетинен кардын калыңдыгы 80 сантиметрге чейин жетти. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-январдан баштап Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды. Карды тазалоого 2 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган.