Бүгүн, 28-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин
депутаты Чыныбай Турсунбеков баш болгон
тил саясатын өнүктүрүү боюнча жумушчу топту кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчыга 2014-2020-жылдары Кыргызстандагы тил саясатын
өркүндөтүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа менен
таанышты.
Жумушчу топтун башчысы Чыныбай Турсунбеков Улуттук программанын ишке
ашырылышында өлкөдө жашаган бардык этностордун сакталуусу жана өнүгүшү эске алынышы
керектигин айтты.
Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жумушчу топко
ыраазычылык билдирди.