Европа Биримдиги хантавирус күч алганына байланыштуу Франция, Испания жана Нидерландга фавипиравир дарысынын 1400 таблеткасын жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Дары азырынча расмий бекитиле элек, бирок Европанын Дары-дармек агенттиги аны өзгөчө кырдаалдарда колдонууга мүмкүн болгон дары катары баалоодо.
Дары Япониядан кайрымдуулук катары алынган.