Суусамырда үрөй учурган жол кырсыгы 4 баланын өмүрүн алды (видео)
Суусамыр өрөөнүндө оор жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен адамдар каза болгону кабарланууда.
Интернет желесине окуянын видеосу тарады. Күбөлөрдүн айтымында, Honda Civic менен Kia K5 сүзүшүп, эки унаа тең жолдон чыгып кеткен. Кырсыкта 4 жаш бала каза болуп, 4 айлык наристе тирүү калган. Ал эми балдардын ата-энеси оор абалда, аларды "Тез жардам" кызматы алып кетти.
Маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан тастыкташып, учурда окуянын жагдайлары такталып жатканын билдиришти.
Суусамырда үрөй учурган жол кырсыгы 4 баланын өмүрүн алды