Биз социалдык тармакта

"Ашар бирикмеси" фондунун 26 жаштагы директору кайра кармалды

"Ашар бирикмеси" фондунун 26 жаштагы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бишкектик тургундун 650 миң сомун алдап алган. Шектүү аны турак жай жана жеңил унаа менен камсыз кылууну убадалап, бирок анысын аткарган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, фонддун диектору былтыр сентябрь айында дагы алдамчылыкка шек саналып кармалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан