Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Ашар бирикмеси” фондунун директору кармалды

Бишкекте “Ашар бирикмеси” фондунун директору алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда калаанын Октябрь райондук милициясы маалымдады.

Ага ылайык, милицияга Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, шектүүгө карата чара көрүп берүүнү суранган.

Тактап айтканда, ушул жылдын 6-январында анын ишеничине кирип, 3 миллион сом акча каражатын турак жай алуу үчүн каржылап берем деп алдоо жолу менен 183 миң 200 сомун алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай жүргөнү айтылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан сырткары азыркы учурда шектүүгө карата 11 кылмыш иши козголду. Кароодо 4 тергөөгө чейинки текшерүү материалдары бар. Бүгүнкү күндө жабырлануучуларга келтирилген чыгым жалпысынан 4 миллион 681 миң 200 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан