Баткен: Көк-Таш - Ак-Сай жолун куруу уланууда, 30-январда асканы жардыруу болот

Баткен облусундагы Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушу уланууда. Муну бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Баткен ОИИББинин өкүлү Дамира Юсупова билдирди. Айтымында, жолдун курулушу мурунку иш жүрүп жаткан жеринен токтотулуп, экинчи тарабынан бери көздөй башталды. 
"30-январда жол өтүүчү асканы жардыруу иштери болот. "Жолдун курулушу токтоп калды" деген маалымат туура эмес",- деп билдирди Юсупова. 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев учурда аймактагы көйгөйлөр менен таанышып жүргөнүн кошумчалады ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан