Кыргызстанда аялдарга салыштырмалуу эркектердин өз жанын кыюусу өсүп жатат. Муну 28-январда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Министрдин айтымында, эркектер өз жанына кол салууга көбүнчө жетишсиз жашоо-шарттын айынан барышууда.
“Атайын адистештирилген кризистик борборлорду ачуу зарыл. Ал жерде тажрыйбалуу юристтер жана психологдор жарандарга жардам берет. Эркектер үчүн кризистик борборлор учурда Каракол шаарында жана Түп районунда бар”,- деп билдирди министр.
Жакында Аламүдүн районунда аталган борбор ишке кирерин кошумчалады Базарбаев.