Украинанын өкмөт башчысы Николай Азаров отставкага кетүүгө арыз жазды

Украинанын премьер-министри Николай Азаров отставкага кетүүгө арыз жазды. Азаров бул кадамга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга салым кошуу үчүн барганын билдирди. 
"Өкмөт өлкөдөгү конфликтти тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылды, мындан ары да кыла бермекчи. Жеке чечим кабыл алдым, Украина президентинен отставкамды кабыл алууну суранам. Оор жылдары Украинанын демократиялык европалык өлкөлөрдөй өнүгүшү үчүн бүт күчүмдү жумшадым. Чечим кабыл алып, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүмө чоң жоопкерчилик алдым",- дейт Азаров. 
Эскерте кетсек, Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан