АКШдан келген агент Станислав Ченюх “эгер силер Кыргызстан профсоюздар федерациясынын былыктарын чукуй берсеңер Медет Садыркуловдой бүтөсүңөр” деп эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөлөрүн коркутууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда аталган мекеменин мүчөсү Нурлан Асанов маалымат жыйынында кабарлады.
Анын айтымында, бир апта мурун федерациядагы коррупциялык схемалар жөнүндө журналисттерге маалымат таратылгандан кийин аларга опузалар келе баштады. АКШдан келген агент Станислав Ченюх менен сүйлөшүп жатканда шектүү, чымыр денелүү 3 адам жолугушуунун аягына чейин чай гана ичип отурушту. Ошондо Станислав Ченюх “эгер силер профсоюздар федерациясынын былыктарын чукуй берсеңер силерди Медет Садыркуловдун тагдыры күтөт” дептир.
“24-январда биздин кеңсебизге 3 адам келип “федерациянын иштери боюнча жаңжал чыгарба. Бул биринчи жана акыркы эскертүүбүз” дешти. Мен аларды сүрөткө тартканга аракет кылдым. Ошолорду милицияга көрсөтсөм алардын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталды",- дейт Асанов.