Игорь Чудинов: “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышынан газ колдонуучулар эч нерсе жоготпойт”

Бишкекте бүгүн, 28-январда өкмөт башчынын кеңешчиси Олег панкратов, экономика министринин орун басары Данил Ибрев, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов жана экономика тармагындагы эксперттердин катышуусунда “Бажы биримдиги: коркунучтар жана тобокелдер” аттуу тегерек стол болуп өттү. 

Андан соң журналисттер менен жолугушуусунда мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышынан пайдалануучу эч нерсе жоготпойт” деп билдирди. 

Анын айтымында “Газпром” Кыргызстан үчүн жаратылыш газы боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет. 

“Газпром” чындыгында келишимди аткара алат. Газды пайдалануучу катары биз эч нерсе жоготпойбуз. Ишкананын инвестициялык пландарынын бири катары түшүнсөк болот”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан