Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өкмөттөн Бишкекте жолдошу атып өлтүргөн Жибек Урустемованын соттук ишин көзөмөлгө алууну өтүндү.
Эл өкүлү анын баласы дарегине кайрылуу жөнөткөнүн айтып, отурумда окуп берди. Анда соттук отурумдар айыпталуучу тарап келбегендиктен улам-улам жылдырылып жатканы айтылат. Ошондой эле Урустемова тирүү кезинде алган батирдин карызын мамлекет төлөгөнү менен ал тууралуу тастыктоочу документ берилбегени кошумчаланган.
Эске салсак, былтыр 23-декабрда шаардын Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталган. Шектүү дароо кармалган. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыккан.
Ал арада каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тараган. Ал күн маркум аялдын туулган күнү болгондуктан жолдошу торт көтөрүп, батирге чогуу кирип бара жатканын көрүүгө болот.
Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берген.
Жибектин жакындары SUPER.KG порталына каргашалуу окуя тууралуу айтып беришкен. Шектүү мурдагы милиция кызматкери болсо, маркум Жибек Урустемова Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу болчу.
27-декабрда маркумдун уулу Бекжан жогорку бийликтеги жетекчилерге кайрылган. Бийлик маркум аялдын балдарына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганын кабарлаган.