Бишкекте мурунку жолдошунун колунан ажал тапкан аял менен кылмышка шектүүнүн видеосу тарады.
Шаардык милициянын билдирүүсүндө, каргашалуу окуяга чейин аял мурунку жолдошу менен бирге үйүнө чогуу келген. Ал күн маркум аялдын туулган күнү болгондуктан мурунку жолдошу торт көтөрүп, батирге чогуу кирип бара жатканын көрүүгө болот.
Айта кетсек, кечээ, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде каргашалуу окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.