Орусиянын борбору Москва шаарына курулуш тармагында иштөө үчүн Түндүк Кореядан жумушчулардын алгачкы ири бригадалары келди. Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, курулуш компаниялары кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууну күчөтүүдө.
Социалдык тармактарда жумушчулардын Шереметьево аэропортуна келген видеосу тарап жатат. Алардын бирдей классикалык кийим кийип келишкени көпчүлүктү суктандырууда.
Маалыматтарга ылайык, кореялык жумушчулар Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардан айырмаланып, жабык топтор менен иштешет. Алардын жашоо-шарты жана эмгек тартиби атайын кураторлор тарабынан көзөмөлдөнөт.