Ош шаарындагы борбордук мечит 5 кабаттуу болуп кайра курулат

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев: “Ош шаарында 5 кабаттуу мечит куруу пландалууда, курулуш иштери кыш мезгили бүтөрү менен башталат”,- деп билдирди бүгүн, 28-январда SUPER.KG’ге.

Анын айтымында, шаардын борборундагы Имам Аль-Бухари атындагы “Алай” борбордук мечитинин чатыры бузулуп, 5 кабаттуу болуп кайра курулат. Курулуштун чыгымын жергиликтүү жеке ишкерлердин бири өз мойнуна алыптыр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан