
Өзгөчө кырдаалдар министри
Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районундагы сел
катталган аймакка барды.
Министр ал жерде тез арада калыбына келтирүү иштерин күчөтүү тапшырмасын койду. Ошондой эле жарандардын коопсуздугу үчүн бардык жумуштарды сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи.
Министр аймактагы абалды жеке көзөмөлдөп жатат.
ӨКМдин соңку маалыматтарына караганда, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу бүгүн түнү эки тараптуу ачылган. Буга удаа таш аралаш ылай басып калган эки жарандын биринин сөөгү
табылды. Экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.