Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө жаан кесепети: Унаа жолу убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун болжол менен 100-чакырымын каптап, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында катталган. Селден улам жолдо 2-3 унаа токтоп калган.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу иш алып барууда. Тазалоо иштерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, 47 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынын 20 кызматкери тартылган.

Жолду тазалоого жалпы 9 атайын техника, анын ичинде экскаваторлор, жүктөгүчтөр, грейдерлер жана самосвалдар ишке киргизилип, жолду ачуу аракеттери жүрүүдө.

ӨКМ абалга көзөмөл жүргүзүп, кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан