Социалдык тармактарда жарандар селдин кесепетинен баткакта калган аялды куткарып жаткан видео тарады. Анда жарандар баткакта калган аялды аркан менен тартып, чыгарып жатканын көрүүгө болот.
Кечээ, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды таш аралаш ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Учурда аталган унаа жолдо каттам ачык, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.