АКШнын президенти Доналд Трамп Иран өзүнүн ракета запастарынын 22 пайызын сактап турарын айтты.
"Пайыздык көрсөткүч менен айтканда, алардын колунда болжол менен 21–22 пайыз ракета калды деп ойлойм. Бул дагы эле көп. Бирок биз алгачкы соккуну ургандагы көлөмдөгүдөй эмес", — деди Трамп NBC телеканалына берген маегинде.
28-февралда АКШ менен Израил Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаган. Маалыматтарга караганда, анын кесепетинен 3 миңден ашуун адам каза болгон. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумалык ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялашкан. Бул мөөнөт аяктагандан кийин кеңири масштабдагы согуш аракеттеринин кайра башталганы тууралуу маалымат болгон жок, бирок АКШ Ирандын портторун деңизден блокадага ала баштаган.
Ошол эле учурда АКШ менен Ирандын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда. Акыркы мезгилде тараптар өз ара түшүнүшүү боюнча алкактык меморандумду макулдашууга аракет кылып жатышат. Бирок мезгил-мезгили менен бири-бирине сокку уруулар катталууда.