Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 28-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда министрликтин 2013-жылдагы иши тууралуу отчёту угулуп, 2014-жылдагы иш пландары каралды.
Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев маданият кызматкерлерин оор шартта иштеп жатканын билдирди. “Маданий жетишкендигибиз – биздин визиткабыз. Маданият тармагына бюджеттен жетиштүү акча бөлүнүшү үчүн 2014-жылды “маданият жылы” деп жарыяласак жакшы болмок. Бирок мындай чечим кабыл алууга президенттин гана укугу бар”,- деди Осмоналиев.
Министрлик Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткарылбай калганын да айтты. “2013-жылы министрликке кинематография тармагындагы салыктардын өзгөчө жеңилдиктери боюнча долбоор жиберилген. Андан сырткары, “Манас” эпосун жана маданият үйлөрүн, аймактык китепканаларды өнүктүрүү боюнча токтомдор аткарылбай калды. Парламентке 2020-жылга карата маданиятты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору да сунуштала элек”,- дейт ал.