ЖКнын тармактык комитети “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуу долбоорун карады

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 28-январда “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуу долбоорун карады.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин “Кумтөр” кенин кайра түзүмдөштүрүү шарттары жөнүндө макулдашуунун жаңы долбоору иштелип чыкканын айтты. Анын пикиринде, бул макулдашуу өз ара келишүүчүлүк документи болду жана мурдагыларга караганда мыкты. Келишимге ылайык, кенди иштетүүнү алгач “Центерра” компаниясы башкарат. Геологиялык, экологиялык жана өндүрүш талаптары бузулса, компания дароо башкаруудан четтетилет. “Кумтөрдө” учурда 710 тонна алтындын кору бар экени айтылды.

Жыйынтыгында “Кумтөр” маселесин ушул аптанын аягында премьер-министр катышуусунда кароо чечими кабыл алынды. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында карала турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан