Ысык-Көл районунда селдин кесепетинен баткак басып калган экинчи жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМ 7-июнда кабарлады.
Селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине жалпы 185 адам жана 14 инженердик техника тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда
сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды таш аралаш ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын
кабарлаган.