АКШнын Огойо штатындагы Толедо шаарында болгон ок атышуудан 12 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар полиция кызматына шилтеме берүү менен жазышты.
Окуя 6-июнда катталган. Буга чейин Толедодогу Old West End фестивалына жакын жерде ок атышуу болгонун жергиликтүү полиция маалымдаган. Ошондой эле атайын кызмат кылмышка шектүүлөрдү издеп жатканын билдирген.
"12 адам октон жаракат алды. Анын ичинен эки адамдын абалы оор", — деп билдирген полиция кызматы.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ок чыгаргандар эки куралчан адам болгон. Бирок полиция азырынча шектүүлөрдү кармай элек.