Балыкчы-Каракол унаа жолунда жүргөн селден кийин дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, окуучунун сөөгү Булан-Сөгөттү айылынан сел агызып келген ылай-топурактын арасынан табылды.
Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган.