Бүгүн, 28-январда
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз
Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кеңейтилген
коллегиясынын ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда 2013-жылдын
жыйынтыгы жана 2014-жылга карата иш мерчемдери талкууланды. Камила Талиева өз
сөзүндө маданият жана искусство тармагындагы ар бир кызматкер мерчемделген иштин
маанилүүлүгүн сезе билүүсү керек экендигин айтты.
“Биз 2014-жылдын иш
мерчемдерине республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды киргиздик.
2013-жыл министрлик үчүн түшүмдүү жылдардан болду жана быйылкы жыл дагы мыкты
жылдардан болот. Сиздердин 2014-жылды – маданият жылы деп жарыялоо сунушуңуздар
абдан жакшы ой. Бул сунушту карап чыгуу керек”, – деди ал.
Китепкана
ишмердүүлүгү жана китеп фондусу тууралуу маселеде Камила Талиева көйгөйлүү
маселелер бар экендигин белгиледи.
“Китепканалардагы
китептердин 80-85% эскилиги жеткен. Ошол себептен кайсы окурмандарды тарта
аласыздар. Фонддо жакшы, жаңы китептер болсо, албетте адамдар кызыгуу менен
окушмак. 2013-жылы Өкмөт кыргыз жазуучуларынын Фондун түзүп, ага 3 млн. сом
каралган. Бул ата мекендик адабияттын өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Мындан
кийинки жылдарда биз бул берене боюнча каржылоону кеңейтели деп турабыз. Биз
шаардык, айылдык китепканаларга жаңы жашоо берип, алардын фондун китеп менен
толтурушубуз абзел”,- деди Талиева.