Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети куудул Нурлан Сабуровдун аракеттеринен мыйзам бузуу белгилерин тапкан жок. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы мекеменин расмий жообуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалым болгондой, Сабуровго карата текшерүү 2026-жылдын февраль айында башталды. Ага казакстандык активист Марат Турымбетовдун прокуратурага жиберген видеосу себеп болгон. Тасмада куудулдун орусиялык "Легион Вагнер Истра" аскердик бөлүгүнө 10 мотоцикл тапшырып жаткан учуру тартылган. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги жалданмачылык боюнча берене 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратууну карайт.
Эскерте кетсек, Орусияда белгилүү болгон стендап куудул Сабуров 6-февралда Бириккен Араб Эмираттарынан Москвага кайтып келген кезде өлкөгө киргизилген эмес. Ага Орусияга 50 жылга чейин кирүүгө тыюу салынганы тууралуу документ берилген.