Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Аймакта цунами коркунучу жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос тургундарды бийик тоолуу жерлерге көчүүгө чакырды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Бир топ имараттар урап, "Генерал-Сантос" эл аралык аэропорту жер титирөөнүн айынан ишин убактылуу токтотту.
Күчтүү жер титирөөдөн кийин эки сааттын ичинде кеминде он бирден ашык кайра жер силкинүү катталды.