Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунда 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулаган коллегиялык жыйынга катышты.
Анда өкмөт башчы “айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат” деп билдирди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Премьер-министр өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков менен Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун маалыматын угуп, өз оюн айтты.
“Сиздердин маалыматыңыздардан мен эч нерсени көрө алганым жок. Республикалык бюджеттен Чарбак, Таян, Бөжөй калктуу пункттарынын инфраструктурасы үчүн бөлүнгөн 180 млн. сомду жергиликтүү бийлик өз үлүшүнө алган да, татынакай маалымдама жазып койгон. Инфраструктура маселесинин чечилиши сиздердин сиңирген эмгек эмес. Бүгүн айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат”,– деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле Бүргөндү тутумун өздөштүрүү боюнча ишти ойрондоткон аймак бийлигин сынга алды.
“Облустун губернатору да, Кадамжай районунун акими да тутумду канткенде мыкты өздөштүрүү боюнча бир да жолу сунуш киргизишкен жок”,– деди премьер-министр.