
Улуу Британиянын бийлиги 16 жашка толо элек өспүрүмдөр үчүн айрым социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, мындай чечим интернеттин балдардын психикасына тийгизген терс таасирине байланыштуу талкууланууда. Өлкөдө өспүрүмдөрдүн интернетке кирүү убактысын чектөө маселеси да каралып жатат.
Белгилей кетсек, ушундай эле чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн Франция, Дания, Польша жана Греция да талкуулоодо.