АКШнын Теннесси штатында фейерверктер жүктөлгөн жүк ташуучу унаа өрттөндү.
Чет элдик басылмалар жарыялаган видеодо жүк ташуучу унаадан фейерверктер атылып жатканын көрүүгө болот. Ал эми полиция кызматкерлери менен өрт өчүрүүчүлөр жол кыймылын эки тараптан токтотуп турушкан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя Чаттануга шаарына жакын жердеги трассада катталып, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себептери такталууда.