Бүгүн 28-январдан 29-январга караган түнү саат 00-00дөн 06-00гө чейин борбордогу КУУнун жанындагы Панфилов паркында, Фрунзе, Абдумомунов, Рыскулов, Исанов, Кудрука, Тоголок Молдо, Ташкент Жибек Жолу көчөлөрүндө "Центральная-1" трансформатордук көмөкчордонундагы жабдыктын жылыткыч кошулум байланыштарын калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу электр энергия үзгүлтүккө учурайт.
Ал эми 29-январда саат 9-00дөн 17-00гө чейин Ак-Ордо конушунда, саат 10-00дөн 15-00гө чейин Медеров көчөсүнөн тартып Ахунбаев, Матросов көчөлөрүнө чейин, саат 12-00дөн 17:00гө чейин 5-кичи райондогу (көп кабаттуу №-27-30, 32, 37 үйлөрдө) "Пиковая-Котельная" трансформатордук көмөкчордонундагы оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу электр энергия өчүрүлөт.
29-января саат 9-00дөн 17:00гө чейин Чүй облустундагы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Аламүдүн айылындагы (Чугуев, Панфилов, Алма-Ата, Горький, Чернышевский, Молодёжная, Станционный Тупик көчөлөрүндө), Виноградная, Төмөнкү Ала-Арча айылдарында) Ммамлекеттик жаза өтөө кызматынын айланасында, Ысык-Ата районуна караштуу Туз, Интернациональный, Бозбармак, Жарбаш, Чоң-Далы, Жедигер, Сары-Жон, Ленин, Төмөнкү Серафимовка, Алмалу, Тогуз-Булак, Ичке-Суу, Жогорку Ичке-Суу, Тоолуу Серафимовка айылдарында электр жарыгы өчөт.
"Промышленная", "Кара-Жыгач", трансформатордук көмөкчордондорунда, ГЭС-2, ГЭС-3, "Ленин", "Норус", аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлөт.