Биз социалдык тармакта

Сегиз жылдан кийин жаңы "Муз доору" мультфильми жарык көрөт

Disney студиясы популярдуу анимациялык франшизанын алтынчы бөлүгү болгон "Муз доору" мультфильминин алгачкы тизерин сунуштады. Видео YouTube платформасына жарыяланды.

Жаңы тасма "Муз доору: Кайноо чекити" деп аталып, анын дүйнөлүк бет ачары 2027-жылдын 5-февралына белгиленген.

Кыска роликте көрүүчүлөргө жакшы тааныш каармандар ири буу булуттарынан качып баратканы көрсөтүлгөн. Куугунтук учурунда алар ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, күйүп калып жана күлкүлүү окуяларга туш болушат.

Белгилей кетсек, "Муз доору" франшизасы дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу анимациялык тасмалардын бири болуп саналат. Жаңы бөлүктүн чыгышы күйөрмандар тарабынан чоң кызыгуу менен күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан