Ливандын президенти Жозеф Аун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан баш тартты.
Ал Израил менен Ливандагы "Хезболла" кыймылынын ортосундагы куралдуу жаңжал бүткөндөн кийин гана жолугушууга даяр экенин билдирген.
"Мен согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенге чейин Нетаньяху менен жолукпайм",- деген ал CNN телеканалына.
Ливандын президенти жаңжалды чечүүнүн бирден-бир жолу сүйлөшүүлөр деп эсептейт.
Өткөн аптанын аягында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп кетти. Израил Ливанга сокку урду, ошондой эле Иран менен Израилдин ортосунда дагы бири-бирине сокку уруулар болду.