Бишкек шаарындагы бала бакчаларда немис тилин окутуу улантылат. Мэриядан билдиришкендей, сабактарды ЖОЖдордогу 5-курстун студенттери өтүшөт. Маалыматка таянсак, 2013-жылдын ноябрь айында немис тилин окутуу боюнча долбоор ишке кирген. Долбоордун максаты – студенттерге алган билимин өркүндөтүүгө шарт түзүү.
Сабактарда кызыктуу оюндар, сүрөт тартуу, ыр жаттоо жана башка ыкмалар менен балдарга тил үйрөтүлөт.